Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйүккөндө, чарчаганда ж. б. энтеңдеп оор дем алуу, энтигүү. Керез Майрык молдонун тамынын эшигине барганда демигип токтоп калды (Бейшеналиев). Курманбектин Койкүрөң, Баспай келет демигип («Курманбек»). 2. Алга умтулуу, ашыгуу. Алдыңкыга жетсем деп, Арткы киши демигет (Осмонкул). Оокаттын камын ойлобой; Оюн десе демигип (Осмонкул).